Connect with us

Индия жана Кытай жарандары үчүн визасыз режимдин шарттары

Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 226 | 0

Министрлер кабинети тарабынан виза режимин либералдаштыруу максатында Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда Индия жана Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атап айтканда, АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлери болгон Индия жана Кытай жарандарына өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тарта 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим каралган.

Кытайдын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайтарылуучу авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Кыргыз Республикасынан чыккан күндөн тарта 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет.

Бул чаралар туристтик агымды стимулдаштырууга жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM