Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы калаага жаңы автобустар алып келингенин кабарлады. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде, Кытайдын Golden Dragon заводунан 58 жаңы автобус алып келинди.
29 орундуу автобустар 85 адамды ташууга ылайыкталган, 2 орундук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган. Жол акысын төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган.
Накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.
Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен төлөөгө болот.