Connect with us

Аба ырайы: 17-октябрда күн ачык болот

Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 224 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 17-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +14…+19.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM