Connect with us

Орусия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак тапшырды

Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 154 | 0

Орусия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине МИ-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кабарлады.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында ӨКМге Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду.

«Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы, жүргүнчү отургучтары, 2 кошумча май бакгы, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат», — деди Орунбеков.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM