Орусия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине МИ-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кабарлады.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында ӨКМге Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду.
«Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы, жүргүнчү отургучтары, 2 кошумча май бакгы, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат», — деди Орунбеков.