«Биз өндүрүштү баштоодон тышкары келечекте Казакстан дрондорду өз алдынча чыгарышы үчүн тажрыйбабыз менен технологияларды да берүүнү максат кылып жатабыз», – деп билдирди Огуз.
2022-жылы майда Түркиянын Türk Havacılık ve Uzay Sanayii (TUSAŞ) мамлекеттик аэрокосмикалык компаниясы менен «Казакстан инжиниринг» компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан. Анда «Казакстан Инжинирингдин» туундуу компаниясынын базасында Anka дрондорун кураштыруу жана техникалык жактан тейлөө линиясын ачуу каралган.
Anka — Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы 2013-жылы Түркиянын Куралдуу күчтөрү үчүн иштеп чыккан учкучсуз учуучу аппараттардын топтому. Anadolu агенттиги жыл соңуна чейин бул дрондорду бери дегенде эле төрт өлкөнүн куралдуу түзүмдөрүнө жеткирүү күтүлүп жатканын кабарлаган.