Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Баткен районунда 8 социалдык объекти пайдаланууга берилет. Алар:
— Ак-Сай айылындагы 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектеби;
— Ак-Сай айылындагы 75 орундуу «Эделвейс» балдар бакчасы;
— Көк-Таш айылындагы 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;
— Көк-Таш айылындагы 120 орундуу башталгыч мектеп;
— Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеп;
— Достук айылындагы 50 орундуу «Бөбөктай» балдар бакчасы;
— Достук айылындагы ФАП;
-Бассейн;
Бул обьекттер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан курулганы кабарланды. Жогоруда объектилердин курулушу дээрлик аяктады. Баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылууда.
Мындан сырткары, жыл башынан бери 7 обьект курулуп пайдаланууга берилди.