Connect with us

Жапаров КМШ кеңешинин чакан форматтагы жыйынында сөз сүйлөдү

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 559 | 0

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуучу өлкө башчыларын тосуп алуу аземи болду.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев келишти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.

Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартканын билдирди.

Самиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан форматта жыйын өткөрүп жатышат. Анда сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров:

«Региондогу суу ресурстарынын 40%га жакыны өлкө аймагындагы суулардан түзүлөрүн эске алуу менен биз регионду суу менен камсыз кылуу маселесинде жогорку жоопкерчиликти билебиз. Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз», — деп белгиледи президент.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM