Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда жер титирөөдөн кыйраган үйлөр жана тургундар (сүрөт)

Блог , Дүйнө | 13 Окт 2023 | 455 | 0

Ооганстандын батышында төрт күн аралыгында эки чоң жер титирөө катталып, 1300дөн ашуун адам набыт болду. Бириккен Улуттар Уюму зилзала ондогон жылдардан бери токтобой келген согуштан чарчаган элди катуу алсыратканын белгилеп, муну «кырсык үстүнө кырсык» атады.

Ооганстандагы акыркы болгон эки жер титирөөдөн айрыкча, Гераттан 40 км (25 миль) алыстыкта ​​жайгашкан Зиндажан району катуу жабыр тартты.

Район элинин үйлөрү кыйрап, буюм-тайымдары урандылардын алдында калды.

ЮНИСЕФ Ооганстанда ушул аптада болгон жер титирөөдө каза болгондордун 90%дан көбү аялдар жана балдар экенин билдирди.

Үч айлык боюнда бар бул аял күйөөсү менен уулунан ажырап калган.

Куткаруучулардын урандылардын арасынан каза тапкандардын сөөгүн же жабыркагандарды издөө иштери токтой элек.

Ооганстандын батыш аймагында, өзгөчө Гиндукуш тоо кыркаларында жер көп титирейт. Себеби Евразия менен Индиянын тектоникалык плиталарынын кошулган жерине жакын жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM