Ооганстандын батышында төрт күн аралыгында эки чоң жер титирөө катталып, 1300дөн ашуун адам набыт болду. Бириккен Улуттар Уюму зилзала ондогон жылдардан бери токтобой келген согуштан чарчаган элди катуу алсыратканын белгилеп, муну «кырсык үстүнө кырсык» атады.
Ооганстандагы акыркы болгон эки жер титирөөдөн айрыкча, Гераттан 40 км (25 миль) алыстыкта жайгашкан Зиндажан району катуу жабыр тартты.