Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 99 | 0

Бүгүн, 13-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл КМШга Кыргызстан төрагалык кылууда.

КМШ саммитине катышуу үчүн Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди.

12-октябрда Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапар жасаган.

Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартканын билдирди.

КМШга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттери мүчө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM