Балык чарба департаменти Улуттук илимдер академиясынын биология институту менен биргеликте Ысык-Көлгө сазан балыгынын чабактарын коё беришти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Орточо салмагы 7-8 граммга жеткен сазандын чабактары Тоң балык заводунун, «Каракол балыгы» ЖЧКсынын жана «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү кооперативинин көлмөлөрүндө багылган.
Чабактар Тоң дарыясына, Жети-Өгүздүн Тынч булуң куймасына, Кызыл-Суу айылы туштагы жана Каракол шаары туштагы пристандарга, Түптүн Кутургу суусуна коё берилген.
«Сазан балыгынын чабактарын коё берүү (балыктандыруу) көп жылдардан бери биринчи жолу жүргүзүлдү, өткөн жылдары Ысык-Көлдүн балык уулоочу аймактарын балыктын личинкасы менен балыктандыруу аткарылган. Коё берилген чабактардын жалпы саны 90 миңди түзөт», — деп айтылат маалыматта.