Биз менен байланышыңыз

Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынан сүрөт репортаж

Блог | 13 Окт 2023 | 345 | 0

Кечээ, 12-октябрда Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен расмий жолугушуу салтанаты болду.

Сапардын алкагында жекече жана жалпы жыйын өткөрүп, кыргыз-орус көп пландуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Ардак орденин тапшырды. Расмий маалыматтарга таянып айтсак, бул орден Садыр Жапаровго Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди чыңдоого, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн берилген.

Бул кең курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоо боюнча жети документке кол коюлду.

Ошондой эле Садыр Жапаров менен Владимир Путин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашты.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери Кант шаарындагы Авиация базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мындан тышкары Владимир Путин «Ата-Бейит» комплексиндеги 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштө курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүлчамбар койду.

Эскерте кетсек, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары уланууда. Бүгүн ал КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM