Биз менен байланышыңыз

Путиндин Кыргызстанга сапарында кандай документтерге кол коюлду?

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 422 | 0

Орусия президенти Владимир Путин кечээ, 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Орусия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Орусия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Орусия Федерациясынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Орусия Федерациясынын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы ниет протоколу;

— Орусия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Copyright © 2017 Maral FM