Биз менен байланышыңыз

«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси үй камагына чыкты

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 260 | 0

«Бишкек башкы архитектура» мекемесинин директору Урмат Карыбаев 4-декабрга чейин үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев кармалганы 6-октябрда белгилүү болгон. Ал жерди мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы алдын ала маалыматтарда айтылган, келтирилген чыгым 8 миллион сомду түзөт.

Урмат Карыбаев борбор калаанын башкы архитектору болуп 2022-жылдын июнь айында дайындалган. 2009-жылдан бери Архитекторлор союзунун мүчөсү.

2021-жылдын мартында шаардык кеңештин депутаттыгына, 2021-жылдын ноябрь айында «Улуттар биримдиги» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM