Орусиянын «Синергия» университети Кыргызстанда IT-коллеж ачууну сунуштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган ЖОЖдун өкүлдөрү мындай демилгени кечээ кыргыз-орус аймактар аралык 10-конференциянын алкагында өткөн кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин жыйынында билдиришти.
Мындан тышкары эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары Орусиянын аймактарында бал жана жаңгак фестивалдарын өткөрүүгө макулдашты.
Жыйындын жыйынтыгында эки документке кол коюлду:
1. Илимий-техникалык, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү караган Ишкер кеңештин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жол картасы;
2. Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмү жана Орусиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда облуста өнөр жай паркын түзүү жөнүндө меморандум.
2024-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде маданий жана ишкердик иш-чаралары өткөрүү пландаштырылды.