Марал Радиосу

Орусиянын университети Кыргызстанда IT-коллежин ачууну сунуштады

Орусиянын «Синергия» университети Кыргызстанда IT-коллеж ачууну сунуштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ЖОЖдун өкүлдөрү мындай демилгени кечээ кыргыз-орус аймактар ​​аралык 10-конференциянын алкагында өткөн кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин жыйынында билдиришти.

Мындан тышкары эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары Орусиянын аймактарында бал жана жаңгак фестивалдарын өткөрүүгө макулдашты.

Жыйындын жыйынтыгында эки документке кол коюлду:

1. Илимий-техникалык, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү караган Ишкер кеңештин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жол картасы;

2. Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмү жана Орусиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда облуста өнөр жай паркын түзүү жөнүндө меморандум.

2024-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде маданий жана ишкердик иш-чаралары өткөрүү пландаштырылды.

Exit mobile version