Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 350 тамактануу жайы текшерилип, экспертиза дайындалды

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 307 | 0

Айыл чарба министрлиги өлкө аймагындагы тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жана Бишкек шаарынын тез татым коомдук тамактануучу жайларында келип чыккан массалык ууланууга байланыштуу 83 субъектиге текшерүү жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Анын ичинен Бишкек шаарынан 60 субъекти, Чүй облусунан 23 тез татым жайы текшерилди. Бул субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы 108 500 сом айып пул салынды.

Мындан сырткары республика боюнча 350 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана эт азыктарынан үлгүлөр алынып, Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды.

1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Уулангандар шаурма жегени белгилүү болгон. Буга байланыштуу тез татым жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган.

Министрлик массалык уулануудан кийин бардык тез татым жайларды текшерди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM