Биз менен байланышыңыз

КМШнын тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 222 | 0

Бүгүн, 12-октябрда Бишкекте КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев төрагалык кылууда.

Отурумдун жүрүшүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибин, уюмдун алкагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашат.

Ошондой эле мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумдарына сунушталган чечимдердин долбоорлорун карашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM