Биз менен байланышыңыз

Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 296 | 0

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун 11-октябрдагы чечими менен Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакка алынды.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан «Элит Хаус» компаниясынын ээси Тимур Файзиевге 2021-жылы майда издөө жарыяланган.

27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Ага Жаза аткаруу кызматынын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Бирок ошол эле жылдын июль айында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки жана соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM