Биз менен байланышыңыз

«Мега» уюлдук компаниясын сатып алууга эки арыз түштү

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 156 | 0

Бүгүн, 11-октябрда «Альфа Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясын сатуу максатында аукцион өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Меганы» сатып алууну көздөгөн эки электрондук арыз түшкөн. Аукцион саат 16:00дө башталган. Ал аяктаганга чейин катышуучулар тууралуу маалымат ачыкталбайт.

«Мега» мамлекеттик компаниясын сатуу боюнча электрондук аукцион 2-октябрда өтмөк. Бирок 29-сентябрга чейин арыз түшкөн эмес. Буга байланыштуу атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия аукцион өткөрүү мөөнөтүн 11-октябрга жылдырган.

Компаниянын 8,7 миллион даана акциясы мамлекетке таандык. Ал 2G, 3G жана 4G стандарттарында мобилдик радиотелефон байланышын жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтөт, ошондой эле телекоммуникациялык тармактарды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана фискалдык маалыматтар оператору боюнча кызматтарды аткарат.

«Альфа-Телеком» ЖАКтын мамлекеттик топтомунун акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM