Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жатак мектептердин окуучулары үйлөрүнө жөнөтүлдү

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 499 | 0

«Маралга» айрым ата-энелер жатак мектептеги окуучулардын да онлайн окууга өтүп жатканынын себебин билип берүүбүздү өтүнүп кайрылышты.

Бул боюнча маалымат берген Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева 12-13-октябрдагы иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарында билим алган бардык окуучулар, студенттер эки күн онлайн окуй турганын, бул буйрук жатак мектептерге да тиешелүү экенин айтып, себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

«Буга чейин биз «мектептердин баары менчигинин түрүнө карабастан онлайн окуйт» деген маалымат бергенбиз. Жатак мектептердин үйүнөн келип-кетип иштеген мугалимдерине ыңгайсыздык жаралбашы үчүн аларды да онлайн окууга өткөргөнбүз».

12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал эми 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт.

Айтылган иш-чараларга байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Иштөө тартибине тоскоолдук жаралбашы үчүн борбордогу айрым мекемелер эки күнгө жабылып, билим берүү жайларынын баары онлайн окууга өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM