Биз менен байланышыңыз

Эл аралык валюта фонду: Кыргызстандын экономикасы быйыл 3,4% өсөт

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 415 | 0

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 2023-жылдагы экономикалык өсүүсү боюнча болжолун жарыялады. Фонддун октябрдагы баяндамасында айтылгандай, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү жылдын аягында 3,4 пайызга өсөрү күтүлүүдө.

Апрель айында өсүш 3,5 пайыз деп болжолдонгон. Ошол эле учурда 2024-жылы ИДПнын өсүшүнө карата күтүүлөр 3,8 пайыздан 4,3 пайызга чейин жогорулайт.

Инфляция жогорулап, 2023-жылдын аягында 11,7 пайызды, 2024-жылы 8,6 пайызды түзөт.

Дүйнөлүк банк 2023-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүн 3,5 пайыз деңгээлинде болжолдогон. Дүйнөлүк банктын октябрь айында Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча баяндамасында айтылгандай, 2024-2025-жылдары Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 4 пайызды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM