Connect with us

12-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 445 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде жана Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM