Connect with us

Президент Кытай элчисине «Достук» орденин тапшырды

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 275 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвенге «Достук» орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Садыр Жапаров Кыргызстан элчи айымдын кыргыз-кытай коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдалды.

Ду Дэвень 2019-жылдын февраль айында Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM