Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвенге «Достук» орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Садыр Жапаров Кыргызстан элчи айымдын кыргыз-кытай коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.
Президенттин айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдалды.
Ду Дэвень 2019-жылдын февраль айында Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.