Connect with us

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 7 млн евро грант бөлдү

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 296 | 0

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 млн евро (665 млн сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабалашты.

Бул каражат — Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 млн евронун бир бөлүгү.

Программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу, гендердик теңчиликти, көп тилдүү билим берүүнү илгерилетүү, мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтөт.

Финансы министрлиги бул транштан түшкөн каражатты окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектепти интернет менен камсыздоого жумшоону пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM