Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 12-13-октябрь күндөрү маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев маалымат жыйында айтты.
Себеби 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин президенттеринин кеңешинин жыйыны өтөт.
Төмөндө унаа кыймылына чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:
— «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тарта Чүй проспектисине чейин;
—Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тарта чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
— «Ала-Арча» резиденциясынан тарта «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;
— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.
13-октябрда Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында КМШ президенттеринин кеңешинин жыйыны өтөт.
Саммитке КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттери катышат жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган маанилүү чечимдери кабыл алынат.