Биз менен байланышыңыз

Өткөн аптада рейд учурунда 221 мас айдоочу аныкталды

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 207 | 0

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2-8 октябрга чейин өлкө аймагында 18 787 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Анын ичинен 221 адам мас абалында автотранспорт башкарган, 200 киши тийиштүү документтери жок унаа айдаган, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 31 киши аныкталган, жалган мамлекеттик номуру менен 3 киши кармалган.

Мындан тышкары жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 926;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2549;

-Авто ээнбаштык — 4;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4572;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 700;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1398 унаа айып короого токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM