Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 6 Окт 2023 | 904 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын утту.

Ал 6-октябрда кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште 76 килограммга чейинки салмакта атаандашы казакстандык Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде утуп, Азия оюндарынын чемпиону болду.

Айпери Медет кызы 1/8 финалда кытайлык атаандашын жеңип, андан соң вьетнамдыкты мөөнөтүнөн мурда уткан. Жарым финалдык беттеште тайвандык атаандашын 8:0 эсебинде жеңген.

Бул медаль Кыргызстан үчүн быйылкы Азия оюндарында 13-медаль болду, өлкөнүн куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жана 7 коло бар.

Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган Азия оюндары 8-октябрда аяктайт.

Балбан Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло утту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM