Биз менен байланышыңыз

Балбан Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло утту

Кыска кабар , Спорт | 6 Окт 2023 | 497 | 0

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль утту.

Азия оюндарынын расмий сайтында маалымдалгандай, Тыныбекова коло медаль үчүн күрөштө казакстандык Ирина Кузнецова менен килемге чыкты. Тыныбекова атаандашын утуп (2:1) 3-орунду ээледи.

Кыргызстандык балбан мелдештин 1/8 финалдык баскычынан баштаган. Алгач таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздаган.

Ал эми чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди.

Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу Айсулуу Тыныбекова жубатуучу беттеште вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын дагы бир мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарынын финалына чыкты. Нурзат Нуртаева 68 кг салмак ченинде 4/1 финалдан тарта күч сынашууда. Ал алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны 8:7 эсебинде жеңип, жарым финалда монголиялык Делгермаа Энцсайцанды 10:8 эсебинде утту.

Финалдык беттеште Нурзат Нуртаева китайлык Фенг Чжоу менен күч сынашат.

Балбан Айпери Медет кызы да Азия оюндарынын финалында. 76 кг салмак ченинде алгачкы атаандашы кытайлык Хуан Ванды 2:1 эсебинде жеңип, 4/1 финалга чыккан. Андан соң вьетнамдык атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалдык беттеште тайвандык атаандашын 8:0 эсебинде жеңди. Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык балбан Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.

Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган Азия оюндары 8-октябрда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM