Биз менен байланышыңыз

Унаа токтотуунун жаңы эрежелери Бишкектин кайсы көчөлөрүнө киргизилет?

Кыска кабар | 6 Окт 2023 | 367 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарынын мэриясы кабарлагандай, айрым бир тараптуу көчөлөрдө унаа токтотуунун жаңы эрежелери киргизилет.

Маалыматка караганда, октябрь айынын аягына чейин көчөлөргө «Эвакуатор иштейт» деген «Токтотууга болбойт» деген жол белгиси, «Унааны токтотуу ыкмасы» (параллель) менен «Токтотуу» жол белгилерин орнотуу пландалып жатат.

Мындай белгилерди төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелерине орнотуу пландаштырылууда:

— Бөкөнбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Жаш гвардияга чейин;

— Сыдыков көчөсү Турусбеков көчөсүнөн К. Акиев көчөсүнө чейин;

— Москва көчөсү Бейшеналиев көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин;

— Логвиненко көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ж.Жолу проспектисине чейин;

— Панфилов көчөсү Медеров көчөсүнөн Ж.Жолу проспектисине чейин;

— Ибраимов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ж.Жолу проспектисине чейин.

— Түндүк-Ахунбаев көчөсү, Түштүк – Жибек-Жолу проспектиси, Чыгыш – Ибраимов көчөсү, Батыш – Жаш Гвардия бульвары жана башкалар.

Copyright © 2017 Maral FM