Биз менен байланышыңыз

Wildberries Ташкентке ири логистикалык борбор курат

Кыска кабар | 5 Окт 2023 | 227 | 0

Wildberries компаниясы Өзбекстандын Ташкент облусунун акими менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Тараптар стратегиялык өнөктөштүк жана Ташкентте Wildberries ири логистикалык хабын куруу боюнча макулдашты.

Документке Ташкент облусунун акими Зоир Мирзаев менен Wildberries компаниясынын эл аралык өнүктүрүү боюнча директору Рафаэль Абрахамян Орусия менен Өзбекстандын Казанда өткөн аймактар аралык үчүнчү форумунда кол коюшту.

Ташкентте ачыла турган логистикалык борбор Орусиядан кийинки эң ири борбору болуп калышы мүмкүн жана Өзбекстандын тургундары үчүн 7500дөн ашык жумуш орун түзүлөт.

Логистикалык борбордун ачылышы 2025-жылга белгиленген. Wildberries азыртан курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жана керектүү долбоордук документациясын даярдап жатат.

Wildberries логистикалык хабынын пландалган аянты 150 миң чарчы метр. Онлайн платформа логистикалык борбордун курулушуна болжол менен 140 миллион доллар салууну пландаштырууда.

«Бул өлкө жана компания үчүн стратегиялык маанилүү долбоор, Өзбекстанда интернет-коммерцияны өнүктүрүүгө салым кошот жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө товарларды өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да сатууда колдоо көрсөтөт. Жаңы ири логистикалык борбордун пайда болушунун аркасында Өзбекстандын ишкерлери логистикалык чыгымдарын бир топ кыскарта алышат жана Wildberries онлайн платформасында жергиликтүү продукциянын жаңы базарларын ачып, бизнесин кеңейтүүгө инвестициялай алышат», — деди компаниянын өкүлү Рафаэль Абрахамян.

Wildberries онлайн-соода платформасы Орусияда маркетплейстердин катарында биринчи орунда турат. Өткөн жылы кыргызстандык ишкерлердин Wildberries платформасы аркылуу соода кылуусу 361%га өсүп, 10,7 млрд рублдик товар сатылган. Бул платформа аркылуу соода кылган ишкерлердин саны өткөн жылы дээрлик 8 миңге өскөн.

Wildberries онлайн-соода платформасындагы эң популярдуу товарлар кийим-кече, аксессуар, тамак-аш, косметика жана тиричилик буюмдары экени аныкталган.

Wildberries ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда дагы бир ири логистикалык борборун ачкан. Онлайн-платформанын жетекчилиги бул аракет Кыргызстандагы орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM