Биз менен байланышыңыз

Статком: Мектеп мугалимдеринин 86%ын аялдар түзөт

Кыска кабар | 5 Окт 2023 | 309 | 0

Бүгүн, 5-октябрь мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы. Улуттук статисткалык комитет окутуучулар жөнүндө бир катар фактыларды жарыялады.

*2021-жылы Кыргызстанда иш менен камсыз болгон калктын жалпы санынын 9 пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө иштешкен.

*Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюм иштейт. Аларда 116 миңге жакын педагог эки миллионго жакын баланы окутат.

*Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт.

*2021-2022-окуу жылынын башына карата республикада 2333 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдары иштеген.

*Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 8 пайызы директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.

*Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишерлик жогору. Мисалы, 2021-2022-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгынын жогорку билими бар болгон.

*Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Шаардагы жана айылдагы мектеп мугалимдеринин жүгү да кыйла айырмаланат. Эгер шаар мектептеринде бир мугалимге орточо 21 окуучу туура келсе, айылдардын мектептеринде 15 окуучу туура келет.

*Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир бешинчи студент педагогдук кесипти тандаган.

*2021-2022-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 7 миңден ашуун келечектеги педагог адистер бүтүп чыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM