Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жылына 700дөй аял көкүрөк рагына кабылат

Ден соолук , Коом | 4 Окт 2023 | 3605 | 0

Кыргызстанда «Айымдардын ден соолугу» аталышында бир айлык жарыяланды. Демилге аялдар кабылган жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо максатында ишке ашууда. Кыздар жана аялдар бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Аталган долбоор учурда бардык аймакта иш алып барууда. Мындай демилгелер жугуштуу эмес ооруларды алдын алууга канчалык жардам берет?

Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгын жарыялады.

Министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясат башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева долбоор аялдарды саламаттыгына көңүл бурдуруу максатында жыл сайын уюштурулуп келерин белгиледи.

Ал кайрылгандар жөнөкөй ыкмадагы изилдөөлөр менен акысыз текшериле аларын түшүндүрдү. Ошондой эле долбоордун өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

«Ушул айдын ичинде саламаттык сактоо уюмдары айымдарга өзгөчө мамиле кылып, кандай оорулары бар экенин аныктап беришет. Мындан сырткары туура кеңеш берип, тийиштүү дарыгерлерге жөнөтүшөт. Аялдардын ролу үй-бүлөдө эле эмес, коомдо да аябай маанилүү. Жөнөкөй ыкмадагы изилдөөлөр менен өзүн-өзү текшере алат. Кандай оорулары бар, инфекциялык эмес оорулар барбы, текшеришет. Эгер кайсы бир айымда оорунун белгилери байкалса, тийиштүү адистерге жөнөтүп, кеңештерин беришет».

Долбоордун координатору Рахатбек Айдаралиев дүйнөдө өлүмгө алып келген оорулардын көбү жугуштуу эмес экенин айтат.

Буга чейин долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында ишке кирсе, эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

Айдаралиев демилге Швейцария өкмөтүнүн техникалык колдоосу менен ишке ашып жатканын белгиледи.

«Долбоордун максаты: саламаттык сактоо системасына техникалык колдоо көрсөтүү. Бүгүнкү күндө дүйнөдө жугуштуу эмес оорулардан каза болгондор биринчи орунда турат. Жугуштуу эмес оорулардын төрт группасы бар: жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкө оорулары, кант диабети жана эмчек оорулары. Булар — 80 пайыз өлүмгө алып келчү оорулар. Ошондуктан саламаттык сактоо системасы да ушул ооруларга өзгөчө көңүл бурууда. Ал эми биз ага техникалык колдоо көрсөтүп жатабыз. Биз саламаттык сактоо кызматкерлерин, үй-бүлөлүк дарыгерлерди, медайымдарды окутуулардан өткөрүп жатабыз».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда аялдар арасында эмчек рагы онкологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда турат. Башкача айтканда, бир жылда өлкөдө алты жүзгө чукул аял рактын ушул түрүнө кабылат. Дарыгерлер: «Бейтап убагында кайрылса, илдетти айыктыруу мүмкүнчүлүгү жогору», — дешет.

Маммолог-онколог Алмаз Бейшембаев мындай акцияларды өткөрүп туруу керек экенин, ал аялдардагы бир топ оорулардын алдын алууга жардам берерин айтат.

Дарыгер бүгүнкү күндө айымдар көбүнчө кайсы илдет менен жабыркап жатканын белгиледи.

«Кайсы заладуу шишиктер менен айымдар көбүрөөк ооруйт дегенде, биринчи орунда көкүрөк рагы турат. Бир жылда 500дөн 700гө чейин адам катталат бул оору менен. Экинчи орунда жатын моюнчасынын рагы турат. Алардын саны 500-600дү түзөт. Көбү оорусу күчөп кеткен учурда кайрылышат. Дарыгерлер жардам бере албай калган учурлар көп кездешет. Мындай акциялар ушул сыяктуу оорулардын алын алууга жана эрте аныктоого чоң жардамын тийгизет».

«Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы жыл сайын октябрь айында өткөрүлөт жана бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары кыздарды жана аялдарды кезексиз текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM