Биз менен байланышыңыз

УКМК Кыргызстандын жерлери эч жакка өтпөгөнүн билдирди

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 472 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын жерлеринин Тажикстан тарапка өтүп кеткени тууралуу социалдык тармактарда айтылгандарга жооп берди.

«Социалдык тармактарда жана медиа мейкиндигинде кызыкдар күчтөр мамлекеттик органдардын ишин каралоо боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп жатышат. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат жарандарды чагымчыл маалыматтарды таратпоого, мамлекеттик органдар тараткан расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга чакырат.

Социалдык тармактарда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Күчлүк хандын күмбөзү (Алтын Мазар) жайгашкан жерлер тажик тарапка өтүп кеткени тууралуу кептер тараган.

2-октябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу болгон. Сүйлөшүүгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимов баштаган эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын башчылары, элчилер, Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM