Биз менен байланышыңыз

Бишкекте КМШ президенттеринин саммити өтөт

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 288 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин президенттеринин кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммитке КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттери катышат жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган маанилүү чечимдери кабыл алынат.

Иш-чарага быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.

Copyright © 2017 Maral FM