Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 345 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөгө расмий сапар менен келет. Бул туурасында Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Жолугушууда күн тартибинин актуалдуу маселелери, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечек пландары талкууланат.

Мындан тышкары президенттер Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине катышат.

Copyright © 2017 Maral FM