Биз менен байланышыңыз

Электрондук тамекиге тыюу салуу кайра сунушталды

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 343 | 0

«Ынтымак» фракциясынын депутаты Эрулан Көкүлов Кыргызстанда электрондук тамекиге тыюу салууну сунуштады.

Парламенттин 4-октябрдагы жыйынында ал электрондук тамекиге эмнеге тыюу салынбай жатканын сурап, айрым ишкерлердин кызыкчылыгы роль ойноп жатканын айтты. Депутат электрондук тамекиге тыюу салынган мамлекеттерди атады.

«Аргентина, Австралия, Бельгия, Канада, Колумбия, Израиль, Жапония өлкөлөрү бар экен. Булардын айрымдарына барган жаран өзү менен кошо электрондук тамеки ала барса, 400-500 доллар айып төлөшөт. Демек тыюу салса болот. Биз эмнеге кайдыгер карап жатабыз? Бишкектин картасында эле электрондук тамеки саткан 153 пункт көрсөтүлүп турат. Жарнамалары укмуш. Эки-үч депутат мыйзам долбоорун жазды, мен үчүнчү жолу көтөрүп жатам. Эмнеге тыюу сала албай жатабыз?» — деди депутат.

Эрулан Көкүлов буга чейин коомдук жайларда кадимки тамеки чегүүдөн тышкары электрондук тамеки чегүүгө да тыюу салууну демилгелеп, мыйзам долбоору колдоо тапса, 1000 сомдон айып салуу туура болорун билдирген.

Эми коомдук жайларда электрондук тамеки чегүүгө тыюу салынат

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM