Биз менен байланышыңыз

Молдова «Газпромдон» газ сатып алуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 499 | 0

Молдова мындан ары Орусиянын «Газпром» компаниясынан  жаратылыш газын сатып албайт. Бул тууралуу Евроатлантика туруктуу өнүгүү форумунда сөз сүйлөгөн Молдованын энергетика министри Виктор Парликов билдирди.

«Биз конституциялык көзөмөл астындагы аймак үчүн да эми «Газпромдон» жаратылыш газын сатып албайбыз», — деп айткан министр.

Анын айтымында Молдова газды Европадан сатып алуу жолдорун тапкан. Ошондой эле ал жаңы келишим боюнча жаратылыш газынын наркы «Газпромдун» өнүмүнөн арзан турарын да кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 2021-жылга чейин Молдова толугу менен Орусиянын жаратылыш газына көз каранды болуп келген. Айрыкча учурда өзүн республика деп жарыялаган Приднестровье да толугу менен орус газына көз каранды болчу.

Приднестровье — Чыгыш Европадагы расмий таанылбаган республика. Ал мыйзамдуу түрдө Молдованын курамында. Бирок, ал жерде негизинен орус улутундагы калк жашап, алар бир канча жылдан бери автономия талап кылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM