Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айыл чарба көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом , Экономика | 3 Окт 2023 | 655 | 0

Бишкекте республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси өтөт. Анда айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт. Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында азык-түлүк, жашылча-жемиш жарманкеси уюштурулат. Көргөзмө жана жарманкеге өлкөнүн бардык облусунан 15 миңден ашык дыйкан-фермер келери болжолдонууда. Мындай иш-чаралар дыйкан-фермерлердин ишин илгерилетүүгө канчалык жардам берет?

20-22-октябрда Бишкектеги эски аянтта «АгроТехЭкспо-2023», «Органик Экспо-2023» республикалык агроөнөр жай көргөзмөсүн жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкесин өткөрүү пландалууда.

Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбасын механикалаштыруу, кооперация жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов иш-чара быйыл онунчу жолу өтөрүн, буга чейин жакшы жыйынтыктарды алып келгенин белгиледи.

Көргөзмөдө дыйкан-фермерлер өздөрүнө керектүү техникалык каражаттарды лизингге, жарандар азык-түлүк, жашылча-жемиштин бардык түрүн арзан жана дүң баада ала алышат.

«Көргөзмөдө айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, энергетикалык каражаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт. Биздин дыйкандарга керек болгон техникалык каражаттар лизингге берилет. Анын алкагында жарандарга айыл чарба продукциясынын бардык түрүн сатуу үчүн «Алтын күз» жарманкеси уюштурулат, анда бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди дүң баада сатып ала алышат».

Министрликке караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев «Органик Экспо-2023» көргөзмөсүнө өлкөнүн бардык аймагынан 100гө жакын органикалык азык өндүргөн дыйкандар катышарын белгиледи.

Ал Кыргызстанда дыйкандардын 2 пайызы гана органикалык азык өндүрөрүн айтты.

«Бүгүнкү күндө органикалык айыл чарба азыгын өндүрүү өтө маанилүү. Анткени азыркы учурда химикаттар, антибиотиктер кошулган азыктар көп. Көбүнчө чет өлкөлөрдө. Бул — адамдын ден соолугуна аябай зыян. Химикатсыз өндүрүлгөн азыктар дүйнөлүк трендге айланып жатат. Ал эми Кыргызстанда дыйкандардын 2 пайызы гана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрөт. Булар — майда, чакан чарбалар. Алар үчүн да ушул көргөзмөгө катышып, жарманкеде товарларын сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт».

«Айыл Банктын» транзакцияларды колдоо башкармалыгынын жетекчиси Урмат Кербенбаев банк быйылкы көргөзмөгө катышууга даярданып жатканын айтты.

Ал техникалык каражаттар дыйкан-фермелерге банк аркылуу лизингге берилерин кошумчалады.

«Биз айыл чарба багытындагы эң алдыңкы каржылык уюм катары каржылоо көрсөткүчтөрүн жылдан-жылга жогорулатып келүүдөбүз. 2022-жылы жалпы лизинг келишимдердин көлөмү 3 млрд сомдон ашкан. Быйыл жалпы 3 кварталдын жыйынтыгы боюнча 3 млрд 300 млн сомго жакындап калды. Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүчтү 3,5 миллиардга жеткирүү пландалууда».

Ал эми Агроөнөр жай өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаевдин айтымында, мындай көргөзмөлөр, жарманкелер өндүрүүчүлөрдүн товарын сатууга, экспортко чыгарууга чоң жардам берет.

Ошондой эле Балтабаев сооданын 90 пайызы көргөзмө аркылуу жүрөрүн белгилеп, мындай иш-чараларды байма-бай уюштуруп турууну сунуштады.

«Мындай көргөзмөлөргө катышуу — ишкерлер, дыйкандар үчүн аябай маанилүү. Мында өзүңө эмне керек болсо, баарын көрө аласың. Бул көргөзмө — атайын тармактык көргөзмө. Кыргызстан мындай көргөзмөлөрдү сөзсүз өткөрүп турушу керек. Ишкерлер колдойт. Жеринен эле дыйкандар техникалык каражаттарды алууга келишим түзө алышат. Мындан сырткары чет өлкөдөн келгендер да катышат. Алар да көрүп, сатып алып, жайылтууга жардам беришет. Жарандар да арзан баада, таза азыктарды сатып ала алышат».

Республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлөт. Иш-чара 20-октябрдан 22-октябрга чейин уланат.

Иш-чарага катышуу маселеси боюнча Бишкек шаарынын Киев көчөсү, 96а дарегиндеги имараттын 712-иш бөлмөсүнө кайрылыңыздар. Тел. (996-0312) — 664509, 623629, 664481. E-mail: tehinspekzia@mail.ru

Copyright © 2017 Maral FM