Биз менен байланышыңыз

Салык кодекси: Мораторий сунуштаган өкмөт, тынчсызданган ишкерлер

Коом | 2 Окт 2023 | 699 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн апта соңунда Президент Садыр Жапаровго Салык кодексине өзгөртүү киргизүүгө эки жылдык мораторий жарыялоосун өтүнгөн. Бул сунуш өлкөдөгү ишкерлерди тынчсыздандырууда. Алар Президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго ачык кат жолдошту. Анда Салык кодексине бир жылда бир жолу өзгөртүүлөрдү, жаңыланууларды киргизүү пункту ошол бойдон калышын суранышкан.

2022-жылы Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда кодекс бир жылда бир жолу каралары, зарылчылык болсо айрым беренелерге өзгөртүү киргизсе болору жазылган. Ага чейин ыңгайына жараша, керек учурда өзгөртүүлөр, сунуш-пикирлер айтылып келген.

Ушул жылы Мамлекеттик салык кызматы курамына Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана ишкерлер кирген атайын жумушчу топ түзгөн. Алар үч ай 2022-жылы кабыл алынган жаңы Салык кодексиндеги мүчүлүштүктөрдү карап, ар кандай сунуштарды беришкен. Бул тууралуу ЖИА-бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, эгер Акылбек Жапаровдун сунушу өтүп кетсе, анда жумушчу топ иштеп чыккан өзгөртүүлөр кодекске кирбей калуу коркунучунда турат.

«Үч ай мекемелер аралык жумушчу топ иш алып барган. Алар үч ай өзгөртүүлөрдү, жаңы сунуш-пикирлерди талкуулап, жаңыланууларды бекиткенден кийин, өткөн апта соңунда Министрлер кабинетинин  төрагасы Акылбек Жапаров: «Мындан кийин эки жыл аралыгында салык кодексине эч кандай өзгөртүү киргизилбесин» деген сунушун Президентке жолдоду. Бизди кооптондурган жагдайлардын бири: үч ай жумушчу топ иштеп, сунуштаган өзгөрүүлөр Акылбек Жапаровдун сунушунун ичине киреби же кирбейби, ушул маселе болуп жатат. Анткени үч ай бою жумушчу топ салык саясатындагы туура эмес деп эсептелген анча-мынча кемчиликтерге оңдоп-түзөө киргизген. Бул ишке ашпай калуу коркунучунда турат. Экинчи жагдай, «ишкерлер үчүн бир жылда бир жолу өзгөртүүлөрдү киргизип туруу» деген чек нормалдуу эле болчу. Анткени ишкерликте туруктуу болгон жакшы, ошондой эле ийкемдүү да болушу керек. Себеби Кыргызстан чакан өлкө, бизде чакан, орто бизнес өзгөрүп турат. Ошондуктан азыркы абалды да эске алганда салык саясаты бир аз ийкемдүү болсо жакшы болмок. Ошондуктан биз бир жылда бир жолу өзгөртүү киргизилип турсун деген сунуш калсын деген талапты карманып жатабыз».

Ал эми Агроөнөр жай өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаевдин пикиринде, электрондук эсепке өтүү айрым тармактар үчүн эрте. Ага этап-этап менен өтүү керек. Анткени кээ бир тармактардын адистери үчүн ал — ашыкча жүк.

«Бизди кооптондуруп жаткан жагдайлардын бири: электрондук эсеп-фактура. Мисалы, фермер-дыйкан кандай электрондук эсеп-фактура колдонот? Алар мал менен, жер менен алектенеби, же компьютерде отуруп, кагаз иштерин толтурабы? Биз «азырынча бул системага кирүү эртерээк» дегенбиз. Албетте, бул система да керек, бирок азырынча эрте деген чечимге келген болчубуз. Акырындык менен, этап-этап менен өтсөк жакшы болмок. Себеби дыйкандар расмий түрдө кайра иштетүүчү компанияларга бере албай, кайра иштетүүчү компания дыйкан-фермерлерден ала албай калышат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 178-беренеге өзгөртүүлөр киргизилген, эгерде электрондук эсеп-фактурасы жок болсо, «сатып алуу актысы» менен сатса же алса боло тургандай иштелип чыккан».

Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директору Салават Ормошовдун айтымында, жаңы Салык кодексинде ишкерлик кылбаган ортомчулар көбөйүп кетиши мүмкүн. Себеби орто, чакан ишкерлик менен алектенген адамдар электрондук эсеп албастан, ишкерлик менен алектенбеген, бирок электрондук эсеби бар адамга товарын сатышы мүмкүн. Анын кесепети баалардын көтөрүлүшүнө алып келет.

«Биз калк жашаган аймактын 90%ын базалык станция менен камсыз кылганбыз. Ар бир базалык станция коюлган жердин ээсине ижара акысын төлөп беребиз. Мисалы, биз ошол жердин ээсин мажбурлап, «Бар, салык кызматына катталып, бизге электрондук эсеп жөнөт», — деп айта албайбыз. Ал эми салык кызматына ал нерсе кирип калды. Ошондой эле айыл жергесинде да бирөө бирөөнөн ижарага жер алса, канча сотых жер болбосун, баары бир электрондук эсеп керек болуп калды. Эгер сенин ижарага төлөгөн акчаң электрондук эсеп менен бектилбесе, аны эсепке ала албайсың. Демек, анын үстүнө дагы салык төлөп калуудабыз. Азыр биз ижарачыларга «сен катталбай эле кой, мамлекетке бардык салыкты өзүбүз төлөйбүз» деген шарт менен иштеп келүүдөбүз. Кирешеге чыга албай жаткандан кийин анын үстүнө дагы 10% салык төлөп калуудабыз, бул чоң көйгөй, акыйкатсыз салык салуу болуп жатат».

Кыргыз бийлиги акыркы эки жылдан бери салык саясатын өзгөртүү аракетин көрүп, 2022-жылы жаңы Салык кодекси иштей баштаган. Ага ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү салыктын саны сегизден жетиге азайган: киреше салыгы, пайда салыгы, кошумча нарк салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы жана мүлк салыгы.

Copyright © 2017 Maral FM