Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дөңгөлөктөрдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 213 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрт саат 16:000дө чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган, учурда толук өчүрүү иштери уланууда.

Мындан сырткары ИИМден 40 кызматкер, электр энергиясы боюнча адистер, шаардык суу чарба кызматынан суу ташуучу унаалар тартылган.

Эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү чакан цехте өрт түштө чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM