Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы вакцина иштеп чыккан дарыгерлер Нобель сыйлыгын алды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 529 | 0

Пенсилвания университетинин (АКШ) изилдөөчүлөрү коронавируска қаршы мРНК вакциналарын иштеп чыкканы үчүн медицина жаатындагы Нобель сыйлыгына татыды.

2023-жылдын физиология же медицина боюнча Нобель сыйлыгы Пенсилвания университетинин (АКШ) Дрю Вайсман жана Каталин Карико аттуу профессорлоруна берилди, Алар  мРНК вакциналарын коронавируска каршы иштеп чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Швециянын борбору Стокгольмда жайгашкан Каролина королдук медицина институту жарыялады.

Белгилей кетсек, жыл сайын октябрдын биринчи жумасы Нобель жумалыгы деп аталат. Анда илим-билимге кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгына татыгандардын аты күн сайын жарыяланып келет.

Медицина жаатындагы Нобель сыйлыгын өткөн жылы швециялык биолог Сванте Пабо алган. Ал жок болуп бараткан гоминиддер геному жана адам эволюциясы жаатындагы ачылыштары үчүн Нобель лауреаты болгон.

Төмөндөгү макалада өткөн жылы Нобель лауреаты болгон окумуштуулар тууралуу окуй аласыз:

Нобель сыйлыгын кимдер, кандай эмгеги үчүн алды?

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM