Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Eco taxi ишке кирди

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 333 | 0

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык Eco taxi долбоору иштей баштады. Мэриянын маалыматына караганда, биринчи этапта 10 электр унаасы каттайт.

ECO TAXI Киев/Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичирайонго чейин белгиленген сары тилке боюнча жүрөт.

Күндүз таңкы саат 07:00-10:00гө чейин, кечкисин 17:00-20:00го чейин иштейт, баасы киши башына 50 сом.

ECO TAXI долбоорунун таксилери заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүштү. Жакын арада etaxi.kg сайтынан ар бир электр унаасынын геолокациясын онлайн режимде көрүүгө болот.

Муниципалдык ECO TAXI диспетчердик кызматына +996 (706) 22 22 76 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу кайрылуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM