Биз менен байланышыңыз

Футбол: Октябрда Кыргызстандын командасы Филиппин менен беттешет

Кыска кабар , Спорт | 2 Окт 2023 | 257 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы октябрь айында дагы бир жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн футбол бирикмесинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Штефан Таркович баштаган улуттук курама Филиппин өлкөсүнүн курамасы менен беттешет.

Оюн Бахрейнде болот жана 12-октябрда Кыргызстандын командасы Бахрейн курамасы менен да беттешет.

ФИФАнын расмий сайтында Улуттук курамалардын жаңыланган рейтингине ылайык, Кыргызстандын улуттук курамасы 96-орунда. Азия футбол конфедерациясында улуттук курама 16-орунда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM