Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн түштүк аймактарында мамлекеттик дарыканалар ачылат

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 235 | 0

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондоруна, шаарларына мамлекеттик дарыканалар ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 29-сентябрда министр Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы менен таанышып чыккан. Жыйынтыгында ал: «Калкты сапаттуу жана арзан дары-дармек менен камсыздоо үчүн мамлекеттик дарыканаларды ачуу — көйгөйдү чечүүнүн бир жолу», — деген чечимге келген.

Натыйжада, Ош шаарына 2, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван райондорунун борборлоруна бирден, Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларына, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Токтогул, Ноокен райондорунун борборлоруна бирден, Баткен облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун борборуна, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларына бирден мамлекеттик дарыкана ачуу тапшырмасын берген.

Аны менен катар саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине калктын көйгөйүн чече тургандай артыкчылыктуу багытта иштөөгө үндөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM