Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министринин отчёту сын-пикир менен коштолду

Экономика | 29 Сен 2023 | 518 | 0

Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн негизги беш түрү менен толук камсыздай аларын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» жана «Мекенчил» фракцияларынын биргелешкен жыйынында айтты. Анын ичинде быйыл өлкө картошка жана сүт азыктары менен өзүн 100% камсыздайт. Жыйында депутаттар министрликтин ишин сындап, берилген сунуштар, тапшырмалар аткарылбай жатканын айтышты.

Айыл чарба министрлигинин жылдык отчётун министр Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан», «Мекенчил» фракцияларынын отурумунда берди.

Ага таянсак, быйыл 8 айда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмү 204 миллиарддан ашык сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 9,1 млрд сомго көп өндүрүлгөн.

Өсүмдүк өстүрүү тармагында 85,8 млрд сом болгон, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 3 млрд сомго көбүрөөк.

Мындан сырткары министр быйылкы жылдагы күздүк түшүмдүүлүктүн башка түрлөрү тууралуу маалымат берди.

«1 млн 207 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул былтыркы жылга караганда 26,4 миң тоннага көбүрөөк. Күздүк буудайдын үрөнү 70 пайызга өзүбүз өндүргөн жогорку репродукциялык үрөндөр болду. 2022-жылы алган үрөндөрүбүздүн ичинен дыйкандарга тараткан үрөндөрдүн күзүндөгү жыйнаган көлөмү өзүбүздө өндүрүлгөн жогору түшүмдүү үрөндөр менен камсыз кылуу 300 пайызга көтөрүлдү. Тагыраагы, 15 пайыздан 45 пайызга чыкты. Быйылкы күзгө керектеле турган буудайдын ичинде 70 пайызы толугу менен өзүбүздө өндүрүлгөн күздүк буудайдын үрөнү менен камсыздалат».

Депутат Камила Талиева министрдин айткандарына макул эмес. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча кризистик абал бар. Тез арада бул тармакты алдыга жылдыруунун үстүндө иш алып баруу керек.

«Азык-түлүк коопсуздугу боюнча статистиканы карап отурам. Биздин мыйзамдар боюнча тамак-аштын өздүк өндүрүштөгү негизги продуктуларын 80 пайызды камсыз кылган учурда гана коопсуздук маселеси чечилет. Ал эми сиздер берген статистиканы карадым. 25%, 30%, 41%, 55%дын гана тегерегинде болуп жатат. Бул чынында кооптуу. Мындайча айтканда, бизде кризистик абал бар. Ушул саясатты сиздер жылдан жылга алдыга жылдыруу жагында иштерди жүргүзсөңүздөр».

Эл өкүлү Элдар Сулайманов айыл чарба тармагындагы бир топ алдыга жылуулар, ошол эле учурда кемчиликтер да бар экенин белгиледи. Ал айыл чарба тармагында маркетплейс жетишсиз экенин айтты. Мисалы, дыйкандар түшүмдөрүн сатууда ар кандай тоскоолдуктарга туш болот. Алардын ишин жеңилдетүү үчүн министрлик атайын тиркемелерди иштеп чыгышы керек.  Бул санариптешүү заманында дыйкан, фермерлер үчүн пайдалуу болот.

«Буга чейин да көп жолу айткам. Орусияда атайын сайт бар. Ал жерде техникадан баштап жаңысы, эскиси, колдонулганын да билсең болот. Фермерлердин даяр продуктулары боюнча да маалымат алса болот. Кыргызстан да ушундай системага өтүшү керек. Биз да экспортко көп чыгабыз. Чет өлкөлүк кардарлар да тиркеме же сайт аркылуу эле биздин товарлар тууралуу маалымат алыша алат. Баарында телефон бар. Бул аябай ыңгайлуу. Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, таба алышат».

Ал эми депутат Шайлообек Атазов айыл чарба министрлигин реформалоону сунуштады. Анын айтымында, башкармалык өз милдеттерин аткарбай жатат.

Мындан сырткары Атазов кымбатчылык боюнча да сөз кылды.

«Айыл чарба министрлигине буудай боюнча, күйүүчү-майлоочу май боюнча, үрөн, балык өндүрүү боюнча бардык жерде нааразычылыктар бар. Кадр маселесин кароо керек. Айыл чарба министрлигин Суу чарба кылып өзгөртүү керек. Анткени суу чарбасы боюнча көйгөйлөр көп. Департамент кылып салуу керек болбосо. Кылган ишинин дайыны жок. Кооз сөздөр, кооз докладдар. Айыл чарба министрлигине элде аябай көп нааразычылык бар. Өзүбүздө таза продукция өндүрүлүп туруп, унубуз, майыбыз кымбат».

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, эми кайра иштетилет. Ошентип, кант менен камсыздоо 82,7% түзөт.

Чүй облусунда суунун тартыштыгынан жана кант кызылчасына, жүгөрүгө, малинага жана кулпунайга көбүрөөк жер бөлүнгөндүктөн көп жылдык өсүмдүктөрдү өндүрүү деңгээли төмөндөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM