Биз менен байланышыңыз

Жапаров ЖЭБтин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 129 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын Жылуулук электр борборунун 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерип, энергетика министрине бир катар тапшырмаларды берди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда «Металлпром» мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде топтолгон металл сыныктарынын бир бөлүгү борбордогу ЖЭБдин аймагынан чыгарылды, калган бөлүгүн жакынкы аралыкта чыгаруу пландалууда.

Ошондой эле Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында аткарылып жаткан иштерди толугу менен жана бекитилген мөөнөттө аткарууну көзөмөлгө алууну тапшырды.

Энергетика министри белгилегендей, быйыл күз-кыш мезгилдеринен чыгуу үчүн 1200 миң тонна көмүр керектелет. 28-сентябрга карата ЖЭБдин кампасында 310 миң тонна көмүр бар. Ал өткөн жылга салыштырмалуу 110 миң тонна көмүргө көп.

Ал ошондой эле борбор калаанын ЖЭБи жылытуу мезгилине толук даяр экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM