Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери эки миңден ашык бала кызамык менен ооруду

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 194 | 0

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 2 миң 316 учуру аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинде Бишкек шаарында – 660, Ош облусунда – 654, Ошто – 302 жана Чүй облусунда – 277 учур катталган.

Илдеттин көбөйүшүнө кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн кыскарышы себеп болуп жатканы белгиленет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-29-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагында кызамык жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясын жүргүздү. Анын негизинде Бишкек, Ош шаарлары, Ош, Чүй облустарында тогуз айдан 7 жашка чейинки балдар арасында кызамык жана кызылча көп катталган.

18-сентябрдан 26-сентябрга чейин кызамык жана кызамык ооруларына каршы кошумча эмдөө үчүн балдарды камтуу максаттуу топтун 55 пайызын түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM